Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы (KICB) алтынчы чыгарылыштын энчилүү пайыздык облигациялары боюнча кирешелерди төлөй баштайт. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.
Кирешелерди төлөө 2023-жылдын 18-сентябрынан башталат.
Белгилеп кетсек, пайыздык киреше алууга укуктуу облигация ээлеринин тизмеси 12-сентябрда аныкталган. Кирешелер накталай төлөнөт.
Пайыздарды төлөө Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкынын Баш кеңсесинде жүргүзүлөт.