KICB корпоративдик облигациялардын 13% дан азын жайгаштырды

30.12.2021, 10:49 Акчабар
KICB корпоративдик облигациялардын 13% дан азын жайгаштырды

Бүгүн, 30-декабрга карата Кыргыз фондулук биржасынын котировкаларында KICB 6-чыгарылышынын корпоративдик облигацияларын сатуу боюнча сунушу жайгаштырылган.

Сатыкта 174 миң 228 облигация бар. Бул баштапкы чыгаруунун 87,11% түзөт.

Эскерте кетсек, 20-декабрда банк фондулук рынокко корпоративдик облигациялардын 6-чыгарылышы менен чыккан. Баалуу кагаздардын жалпы чыгарылышы 200 миң нуска, бир баалуу кагаз 1 миң сомдон сатылууда. Муну менен KICB 200 млн сом тартууну пландаштырууда.

Кошумчалай кетсек, 29-декабрда биржадагы сооданын жыйынтыгы боюнча KICB облигациялары менен сегиз келишим түзүлгөн, анын жыйынтыгында 15 миң 294 баалуу кагаз 15,3 млн сомго сатылган. Он күндүн ичинде банк эмиссиянын 12,9%ын жайгаштырууга жетишти.

Белгилей кетсек, облигациялар банк тарабынан үч жылдык мөөнөткө чыгарылган, жайгаштыруу мөөнөтү жайгаштырылган күндөн тартып 10 ай болгон. Корпоративдик облигациялардын кирешелүүлүгү жылына 12%ды түзөт.

Тэги: фондовый рынок Кыргызстан корпоративные облигации KICB

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу