Келерки апта, 10-июндан тарта Астана-Бишкек-Астана багыты боюнча кезектеги авиакаттам жанданат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “FlyArystan” авиакомпаниясы каттамдарды жумасына 2 жолу - шейшемби жана ишемби күндөрү аткарат. Учуу убактысы 2 саат.
“Манас” эл аралык аэропорту бул багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча “FlyArystan” авиа компаниясына кайрылууну сунуштайт.