Кийинки жылы Бишкекке автобус сатып алууга 4 млрд сомдон ашык бөлүнөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2024-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорунда автобустарды сатып алууга 4 миллиард 339 миллион сом каралды.
Анын 1 млрд сому бажы пошлинасы катары төлөнөт.
Белгилеп кетсек, ушул жылы автобус сатып алууга республикалык бюджеттен 4,5 миллиард сом бөлүнгөн.