“Киркомстром” конушунда 2,7 гектар жер тилкеси Бишкек мэриясынын балансына кайтарылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, “Киркомстром” конушунун жашоочулары 2005-жылы жеке адамга 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилип кеткен, конуштун түштүк-батыш тарабында жайгашкан 2,7 гектар жер тилкеге эс алуу паркын курууну суранышкан.
Кийин 2021-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы ижара келишимин бузуу боюнча сотко кайрылган. Соттун чечими менен жер тилкеси мэриянын балансына кайтарылып, бирок бош турган.
"Учурда мамлекеттин балансына кайтарылган жер тилкесине "Бишкек башкы архитектура" ишканасы долбоор даярдоодо. Инвестициялык маселе чечилсе, 3 жылдын ичинде объектилер курулат", - деп айтылат маалыматта.