Кытай Кыргызстан аркылуу Борбор Азия рыногуна чыгууну көздөп жатат

26.06.2023, 09:55 Акчабар
Кытай Кыргызстан аркылуу Борбор Азия рыногуна чыгууну көздөп жатат

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева менен депутат Карим Ханжеза Кытайдан келген бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ЖК сайтында айтылат.

Кытайдын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү өздөрүнүн инвестициялык долбоорлорун тааныштырышып, биздин өлкөдө ири бизнес долбоорлорду түзүп, ишке ашырууга жана Кыргыз Республикасы аркылуу Борбор Азия рыногуна чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.

Өз кезегинде Жамиля Исаева эки тараптуу кызматташуунун алкагында бир катар эки тарапка пайдалуу инфраструктура жана маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Депутат Карим Ханжеза Кытайдан келген инвесторлорду Кыргызстандын жүргүзүлүп жаткан инвестициялык саясатынын болгон перспективалары жана мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.

Тэги: экономика Китай и Кыргызстан рынки ЦА международная торговля импорт и экспорт КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу