Кытай кыргыз жарандарынын өтүүсүнө чектөөнү алып салды

09.01.2023, 10:57 Акчабар
Кытай кыргыз жарандарынын өтүүсүнө чектөөнү алып салды

Кытай тараптын демилгеси менен 9-январдан тарта Кытай Эл Республикасына кирүү тартибине айрым өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалымка ылайык, мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан “Эркечтам-автодорожный” өткөрүү пункту жарандарды өткөрө баштады. Жалпы чет элдик паспорту бар жарандар КЭРге кирүү үчүн виза алууга арыз бериши керек.

Өз кезегинде “Торугарт-автожол” көзөмөл-өткөрүү пункту Кытайдан Кыргызстанга транспорт каражаттарын жана жүктөрдү гана өткөрүүнү караган атайын алгоритм боюнча ишин улантууда. 

Мындан тышкары, КЭРге бара жаткан жарандар үчүн Кытайга кирүү үчүн ал өлкөнүн чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринен ден соолук боюнча атайын QR кодун алуу талабы алынып салынды. 

Эми Кытайга келген жарандар кетээрге 48 сааттан кечиктирбестен COVID-19 тестинин терс жыйынтыгын тапшырышы керек. Учак менен бара жаткан жүргүнчүлөр да учакка отургандан тартып жана Кытайга бардык учуу учурунда беткап тагынышы керек. Баардык жүргүнчүлөр бажы декларациясын толтурууда тесттин жыйынтыгын көрсөтүүгө милдеттүү. КЭРге киргендердин бардыгы үчүн милдеттүү ПЦР тестирлөө жана жамааттык байкоо талаптары жоюлат. 

Декларацияда өзүн жаман сезген же дене табынын көтөрүлүшү сыяктуу белгилери аныкталган адамдар бажыда антигенге текшерилери такталган. Эгер алардын анализи оң чыкса, ден соолугуна жараша айыкканга чейин же медициналык мекемеде дарыланмайынча үйдө карантинде болуу сунушталат.

Тэги: экономика новости Кыргызстана визит в КНР Китай и Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу