Кытай мамлекеттик карыз боюнча 35 миллион долларды жылдын аягына чейин төлөөгө макул - Каржы министрлиги

27.11.2020, 16:15 Акчабар
Кытай мамлекеттик карыз боюнча 35 миллион долларды жылдын аягына чейин төлөөгө макул - Каржы министрлиги

Кытай мамлекеттик карыз боюнча Кыргыз Республикасынан төлөмдөрдү токтото турууга макул болду. Бул жылга төлөмдүн көлөмү 35 миллион долларды (2,8 миллиард сом) түзөт, деп маалымдайт Каржы министрлиги.

Бирок расмий Пекин акыркы чечимди кабыл ала электигин жана жылдын аягына чейин бир гана ай калганын эске алуу керек.

Министрликтин маалыматына ылайык, беш насыя берүүчү (Абу-Даби, Сауд Аравиясы, Германия (KfW, Эйлер Гермес) жана Түркия менен нөлдүк пайыздык чен менен төлөмдөрдү кийинкиге калтыруу жөнүндө) макулдашуулар түзүлгөн.

"Калган беш кредитор, анын ичинде Париж клубунун мүчөлөрү (Франция, Дания, Корея, Япония) үчүн, кийинкиге жылдыруу суммасына пайыздык ченди колдонбоо шарттары боюнча сүйлөшүүлөр дагы деле жүрүп жатат", - деп билдирди Каржы министрлиги.

 

 

Тэги: Минфин госдолг Китай

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу