Кытайдын Tectop компаниясы Кыргызстандын курама командасына демөөрчүлүк кылып, спорттук кийимдердин комплекттерин берет. Бул тууралуу улуттук олимпиада комитетинин баш катчысы Саламат Эргешов "Ала-Тоо 24" телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан бул компания менен 2018-жылдан бери кызматташып келет. Ал кездеги Азия оюндарында кыргыз курама командасына спорттук кийимдердин 250 комплектин белек кылышкан.
"Салтанаттуу кийимдерди "Дилбар" мода үйүнүн чеберлери тигишкен. Ал эми ата мекендик Bigser компаниясы мелдеш жараяны үчүн кийим тигип берди", - деди ал.
Маалым болгондой, салтанаттуу кийимдердин бир топтому 95 миң сом турат. Ага чапан, бут кийим, баш кийим, кыздар үчүн көйнөк, моюн орогуч жана башкалар кирет. Кийимге каражатты улуттук олимпиада комитети төлөйт.