Кытайлыктар Ысык-Көлдө мейманкана, Токмокто Ли Бонун музейин курушат

18.06.2019, 13:00 Акчабар
Кытайлыктар Ысык-Көлдө мейманкана, Токмокто Ли Бонун музейин курушат

Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кытай Эл Республикасынан келген инвесторлор менен жолугушту.

Өкмөт башчы делегация менен саламдашып белгилегендей, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары, тараптар ортосунда жетишилген макулдашуулар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетип, аларга күчтүү өбөлгө берет.

«Чан Ань» көп тармактуу корпорациясынын директору Ли Ган белгилегендей, Кытайдан келген делегация эки өлкөнүн ортосунда ар түрдүү багыттарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү колдойт.

«Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин өзүнүн сөзүндө Суяб шаарында туулган көрүнүктүү кытай акыны Ли Бо  саптарын бир нече ирет келтирген. Сапарыбыздын алкагында биз Токмок шаарына жакын жердеги ошол аймакка бардык. Биз акын Ли Бай тууралуу тарыхый тасма тартууга ниеттенип жатабыз. Ошону менен биздин өз ара алакаларыбыздын маданий чийинин жана баалуулуктарын көрсөтөбүз. Эки өлкөнүн археологдорунун аракеттешүүсү менен биз аймакты изилдеп, казуу иштерин жүргүзүп, акын Ли Бо музейин тургузсак дейбиз, бул жер тарыхый туристтик борбор болмок. Мындан тышкары биз атамекендик кинорежиссерлор менен жолугушуп, тасманын сценарийин жазуу боюнча сунуштарды талкууладык, тасма бул жакта жана Кытайда тартылат», – деди ал.

Делегация мүчөлөрү билдиришкендей, сапардын алкагында кытай чайын өндүрүү, ликер-арак продукцияларын чыгаруу, Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча макулдашылып, ошондой эле транс чек аралык дүң сооданын электрондук базасын өнүктүрүү келечеги талкууланды.

«Мындан тышкары биз өлкөнүн туристтик потенциалына көңүл буруп жатабыз. Кытайдан жылына 100 млн турист дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнө барышат. Бул багытта Ысык-Көлдүн жээгинде туристтик база, мейманкана комплексин түзүү пландары бар. Бул экономикалык эмес, маданий долбоор,  туристтик каттам мурда Суяб шаары жайгашкан аймак аркылуу өтөт. Бул баштоолордун баары маанилүү жана Кытай Төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак – бир жол» долбоорунун алкагындагы көрсөтмөлөрүнө дал келет», – деди Ли Ган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, мамлекет Кыргызстан жана Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары карай өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык сунуштарды жана долбоорлорду колдоого максатталган.

Ли Бо (экинчи аты Ли Тайбо; 701, азыркы Кыргызстан, Токмок шаары –762, Даньту) – кытай акыны. Акындын туулган жери жөнүндө эки божомол кездешет. Биринде ал Кытайдын Сычуань провинциясынын Цинлян кыштагында туулган делсе, экинчисинде байыркы Суябда, азыркы Токмок шаарынын жанында туулган деп айтылат. 900дөн ашуун лирикалык ырлары бизге жеткен, анын ичинде «Байыркы» циклинде, элдик ырлар жанрындагы ырларында (Юэфу), ыргактуу прозасында (фу), төрт саптык бир шилтемдеринде конфуцийлик рационализм даосизмге мүнөздүү жаратылыш менен жуурулушуу мотивдери менен айкалышкан. Дүйнөлүк поэзиянын классиги Ли Бонун ырлары элге жана аялдардын оор турмушуна жан тартууга, патриотизмге каныккан. Чыгармалары: Ли Бо. Тандалган ырлар. Б., 2001; Дүйнөлүк поэзиянын антологиясы, Б., 2004.

  

Тэги: Кыргызстан туризм Иссык-Куль Китай инвесторы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу