Күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташынын себеби айтылды

26.02.2024, 09:30 Акчабар
Күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташынын себеби айтылды

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын чекене баасынын жогорулашы Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордо сатуу бааларынын кымбаттаганы менен байланыштуу. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул өз кезегинде коңшу мамлекеттерде жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшүндө суроо-талаптын өсүшү менен шартталууда. Ошол эле учурда бензин жана дизель майы рыногунда абал туруктуу.

"Нефть продуктыларын ташып келүү план боюнча үзгүлтүксүз аткарылып жатат. Эч кандай тартыштык жок", - деп айтылат маалыматта.

Тэги: күйүүчү май антимонополия мунай Россия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу