Жыл башынан бери күйүүчү-майлоочу майдын чекене баасы төмөндөөдө. Учурда АИ-92нин арзандатылган баасы литрине 5 сомду түздү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Бишкекте жыл башына салыштырмалуу АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 5 сомго чейин, дизель майынын 1 литри 1,2 сомго чейин арзандады.
Нефтетрейдер-компаниялардагы күйүүчү-майлоочу майдын 1-1,5 айлык тартыштыгын эске алганда февралда аталган майга болгон баа дагы да арзандайт", - деп айтылат маалыматта.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күйүүчү-майлоочу майга бааны турукташтыруу жана анын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча бардык зарыл чараларды көрүүдө.
Мекеменин маалыматы боюнча бул багыттагы антимонополиялык иш-чаралар улантылат.