ККМ колдонуу боюнча жаңы ченемдер киргизилди

27.04.2022, 11:15 Акчабар
ККМ колдонуу боюнча жаңы ченемдер киргизилди

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги токтому менен контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча бир катар ченемдер кабыл алынды.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бекитилген ченемдер салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү жана салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү алкагында ККМди колдонуу эрежелерин өркүндөтөт.

Көрсөтүлгөн токтом менен төмөнкүлөр бекитилди:

  • ККМди каттоо жана колдонуу тартиби;
  • өзүнүн ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша ККМди колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмеси;
  • ККМге карата техникалык корутунду берүү жана ККМдин реестрин түзүү тартиби;
  •  ККМди пайдалануунун типтүү эрежелери;
  • фискалдык маалыматтардын операторуна жана ККМди техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптар.

Ошондой эле төмөнкүлөр белгиленди:

  • Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы № 156 токтомун ишке ашыруунун алкагында Салык кызматынын маалыматтык системасында катталган контролдук-кассалык машиналар 2022-жылдын 1-январынан тартып техникалык талаптарды сактоо жол-жобосунан өтпөстөн субъекттер тарабынан колдонулууга жатат.

Мында аппараттык ККМдын маалыматтары субъектке же андан кийин субъектке сатуу үчүн башка жакка сатууга чейин техникалык талаптарга ылайык жол-жоболордон өтүүгө тийиш;

  • 2022-жылдын 1-майынан тартып Фискалдык модуль менен иштөө функциясы бар ККМге карата жаңы техникалык талаптарга жооп бербеген ККМ каттоодон өткөрүлбөйт;
  • 2022-жылдын 1-августунан тартып МСКга берилген кассалык чектерде милдеттүү тартипте товарлардын идентификациялоочу каражаттарынын коддору (товарларды маркалоо) чагылдырылууга тийиш;
  • мурда МСКнын системаларында катталган ККМди колдонуучу субъекттер 2022-жылдын 31-декабрына чейин аларды колдонууга укуктуу.
  • алдын ала төлөө (аванс) жана кийин төлөө (кредит) сыяктуу эсептешүүнүн түрлөрү менен кассалык эсептешүү операцияларын аткаруу боюнча субъектке жана ККМге карата талаптар 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Мындан тышкары, соода (вендинг) автоматтарында жана кызмат көрсөтүү автоматтарында автоматтык окууга жарактуу кагаз түрүндө жана/же электрондук түрдө контролдук-кассалык чекти түзүү жана берүү мүмкүнчүлүгү бар ККМ орнотулушу керек.

Ошондой эле сатып алуучуга (кардарга) контролдук-кассалык чекти бербестен субъекттин ишин автоматташтырууга арналган программалык камсыздоону жана/же программалык-аппараттык комплекстерди колдонуу менен басылып чыккан товардык чектерди берүүгө тыюу салынат.

Тэги: ККМ салык кызматы минкаб

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу