Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 63 бала жаткырылды

29.11.2019, 15:34 Акчабар
Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 63 бала жаткырылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (28.11.19-ж.) 197 бейтап кайрылган. Алардын ичинен 139у жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылгандардын 69у ооруканага жаткырылган, алардын 63ү жаш балдар. 

«Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 41 адам кайрылса, 30у ооруканага жаткырылып, 11 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 22 адам кайрылган, алардын 11и ооруканага жаткырылды», -деп айтылат маалыматта.

 

 

Тэги: клиника оорукана Клиникалык оорукана 63 бала

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу