Өкмөт илимий кызматкерлердин маянасын эки эсе көбөйткүсү келет

10.11.2023, 15:02 Акчабар
Өкмөт илимий кызматкерлердин маянасын эки эсе көбөйткүсү келет

Бүгүн Илим күнүнө карата Улуттук илимдер академиясында жыйын өтүп, ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, көп жылдардан бери алгач ирет тогуз илимий-изилдөө долбоорун ишке ашырууга 110,7 млн сом бөлүнгөн. Келерки жылы илимди каржылоо көлөмү бир кыйла жогорулатылат. Ошондой эле, Министрлер кабинети илимий кызматкерлердин айлык акысын эки эсеге көбөйтүүнү пландоодо. 

Изилдөө иштеринде археологиялык иштерди жүргүзүү, сейсмикалык райондоштуруу картасын түзүү, ДНК лабораториялык борборун ачуу жана Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакты бекемдөө долбоорлору бар. 

“Улуттук илимдер академиясы дүйнөлүк тенденцияларга көз салып, экономикага, билим берүүгө жана башка тармактарга инновацияларды ыкчам киргизүүнү камсыз кылуусу тийиш. Илим Кыргызстандын санариптик экономикага өтүшүн камсыз кылышы керек”, - деди Эдил Байсалов.

Анын айтымында, бул максаттарга жетүү үчүн финансылык салым гана эмес, жаңы илимий этиканы калыптандыруу, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, инновацияларды мамлекеттик колдоо, биринчи кезекте бүтүндөй калк арасында үзгүлтүксүз билим алуу маданиятын өнүктүрүү керек. 

 

Тэги: маяна илимпоз билим берүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу