Өкмөт кагаз жана картонду экспорттоого дагы тыюу салды

25.09.2023, 15:00 Акчабар
Өкмөт кагаз жана картонду экспорттоого дагы тыюу салды

Кыргызстандан кагаз жана картонду (таштанды жана макулатура) Евразия Экономикалык Биримдигинен башка аймактарга ташып чыгууга тыюу салды. Тиешелүү токтом 18-сентябрда кабыл алынды. 

Документке ылайык, макулатураны алты айга – 2024-жылдын март айынын ортосуна чейин экспорттоого тыюу салынды. 

Убактылуу тыюу салуу ички рынокто чийки заттын тартыштыгынын алдын алуу, өндүрүштү калыпка салуу жана даяр өндүрүмдүн экспортун көбөйтүү максатында киргизилди.

Кошумчалай кетсек, быйыл февраль айынан август айына чейин макулатураны экспорттоого тыюу салынган.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу