Өкмөт Кытайдан дагы 1500 автобус алууну пландоодо

16.03.2023, 10:40 Акчабар
Өкмөт Кытайдан дагы 1500 автобус алууну пландоодо

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Шаньдун провинциясынын Элдик өкмөтүнүн тышкы иштер боюнча Канцеляриясынын жетекчиси Цай Сяньцзин башында турган кытайлык делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Делегациянын курамында “Zhongtong Bus” компаниясынын башкы директору Пэн Фэн жана “Zhongtong Bus Overseas Marketing" компаниясынын башкы директору Чжу Юнху жана башка корпорациялардын өкүлдөрү бар. 

Жолугушууда эки тарапты кызыктырган бардык тармактар, кыргыз-кытай кызматташтыгынын маселелери талкууланды. 

“Тараптар Бишкек шаарынын мэриясы үчүн Кытайда чыгарылган 1500 автобус алуу маселесин талкуулашты”, - деп айтылат маалыматта. 

Министрлер кабинетинин төрагасы жогорудагы долбоорду ишке ашырууда Бишкек шаарында тейлөө борборлорун ачууга өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

“Кытай биздин негизги соода өнөктөштөрүбүздүн бири. Биз өз ара сооданы өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө кызыктарбыз. Биргелешкен долбоорлор, анын ичинде борбор калаанын тургундарын жана конокторун ыңгайлуу коомдук транспорт менен камсыздоого багытталган долбоорлор биздин кызматташуубузду бекемдейт деп ишенем”, - деди Акылбек Жапаров. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу