Лебединовка чакан ГЭСин оңдоого дээрлик 14 млн евро жумшалышы мүмкүн

31.05.2023, 13:03 Акчабар
Лебединовка чакан ГЭСин оңдоого дээрлик 14 млн евро жумшалышы мүмкүн

Бүгүн парламент жыйынында “2023-жылдын 3-мартында Лондон шаарында кол коюлган “Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо” долбоору боюнча Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыялык макулдашууну жана “Чакан ГЭС” ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну (“Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо” долбоору) ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды.

Жыйында баяндама жасаган Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы Улан Примов “Лебединовка” чакан ГЭСи 1948-жылы пайдаланууга берилгендигин белгилеп, аны реконструкциялоо учур талабы экендигин айтты.

“Долбоордун жалпы наркы 13,8 млн. евро, анын ичинен 8,8 млн. евро насыя түрүндө, 5 млн. евро инвестициялык грант түрүндө алынат”, - деди баяндамачы.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу