Жапаров Таластагы Бала-Саруу ГЭСинин курулуш долбоору менен таанышат

21.01.2022, 12:50 Акчабар
Жапаров Таластагы Бала-Саруу ГЭСинин курулуш долбоору менен таанышат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, төрага аймактын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралуучу облустук коллегияга катышат, "Манас-Ордо" комплексине барат жана кант заводу менен сүттү кайра иштетүүчү ишкананын ишин көрөт.

Мындан тышкары, Киров суу сактагычына барып, Бала-Саруу гидроэлектростанциясынын курулуш долбоору менен таанышат.

Белгилеп кетсек, Бала-Саруу ГЭСи жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзгөн, үч генераторлуу, орточо 92 млн кВт саат өлчөмүндөгү электр энергиясын иштеп чыгаруучу чакан гидроэлектростанция болот. Эске салсак, анын курулушуна "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 22,9 млн доллар алат.

 

 

Тэги: ГЭС минкаб Талас

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу