Өкмөт Wildberries маркетплейстте жергиликтүү жеткирүүчүлөрдүн катталуусун талкуулады

20.04.2022, 11:30 Акчабар
Өкмөт Wildberries маркетплейстте жергиликтүү жеткирүүчүлөрдүн катталуусун талкуулады

Министрлер кабинетининтөрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев экспортко багытталган жана IT ишканалар тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту. 

“Биздин жолугушуунун максаты – көйгөйлүү маселелерди талкуулоо жана аларды чечүү жолдорун издөө. Министрлер кабинети “жашыл”, креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, санариптештирүүгө багыт алды. Биз үчүн экспортту өнүктүрүү, өнөр жайды чыңдоо маанилүү. Алдыга коюлган амбициялуу максаттарга жетүү үчүн биз сиздер менен тыгыз кызматташууга умтулабыз”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Кеңешменин жүрүшүндө “Лейлек” жана “Бишкек” эркин экономикалык аймактарын өнүктүрүү маселелери, бөтөлкөдөгү сууну маркировкалоо, жер казынасын пайдалануу укугуна жана жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдардын ставкасын төмөндөтүү, эл аралык логистика, жеңил өнөр жайды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди. Атап айтканда, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Экономика жана коммерция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана жүк ташуучулар ассоциациялары менен биргеликте эл аралык каттамдардагы логистикалык шарттарды жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуусу жана президенттин администрациясына сунуш киргизүүсү тапшырылды. 

Экономика жана коммерция министрлигине Wildberries маркетплейсте ата мекендик жеткирүүчүлөрдүн катталуусун жана толук кандуу ишин калыбына келтирүү маселесин, ошондой эле Кыргызстанга келүүчү IT адистерди каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды. 

Тиешелүү мамлекеттик органдарга “Лейлек” ЭЭА инфраструктуралык маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүсү тапшырылды.

Тэги: минкаб IT Wildberries

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу