Кочкоров: 27 балага 50 миң сомдон сүйүнчү төлөндү

15.07.2020, 16:00 Акчабар
Кочкоров: 27 балага 50 миң сомдон сүйүнчү төлөндү

Бүгүнкү күндө 27 балага 50 миң сомдон сүйүнчү төлөндү. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров брифингде билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата 560 миңден ашык жаран кенемте жана жөлөкпулдар менен камсыз болушту. Алардын ичинен «үй-бүлөгө көмөк» жана балдардын жөлөкпулу менен 339 миң 200 бала, 105 миң 660 аз камсыз болгон үй-бүлө камсыздалды. Жөлөкпулдун орточо өлчөмү 868 сомду түзөт.

«2019-жылдын 1-декабарынан баштап 3 же андан көп бала төрөлгөн учурда ар бир балага 50 миң сомдон «балага сүйүнчү» жөлөкпул төлөнө баштаган. Бүгүнкү күндө 27 бала «сүйүнчү» пулун алды. Ал эми 6 айдын ичинде 4 миң сомдук “сүйүнчү” жөлөкпулун 67 миң 346 балага төлөндү», - дейт ал.

Кочкоров белгилегендей, ай сайын социалдык жөлөкпулдарды алуучулардын саны 96 миң 782 адамды түздү. Орточо 3 миң 29 сом каражат берилет. Мындан сырткары, ай сайын 25 категориядагы жарандарга жеңилдиктердин ордуна 1 миң сомдон 7 миң сомго чейин кенемтелер төлөнүүдө. Аны 41 миң адам алды.

«Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына 7 категориядагы ардагерлердин ар бирине 75 миң сомдон берилди. Жалпысынан 1951 адамга 44 млн 150 миң сом төлөндү», - деди Кочкоров.

Тэги: Кочкоров сүйүнчү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу