ОСАГО жок болсо 1-апрелден тарта кимдерге айып салынат?

28.03.2023, 10:17 Акчабар
ОСАГО жок болсо 1-апрелден тарта кимдерге айып салынат?

Кыргызстандын бийлиги ОСАГОнун жоктугу үчүн жазаны киргизүүнү кайрадан жылдырууда, бирок баарына эмес. Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматы “Акчабар” редакциясына ушул жылдын 1-апрелинен тарта кимге айып пул салынарын айтып берди.

Алсак, камсыздандыруу полиси жок төмөнкү айдоочуларга айып пул салынат:

  • ушул жылдын 1-апрелинен тартып — чет өлкөлүк номурлуу автоунаалар, юридикалык жактардын жана мамлекеттик органдардын автоунаалары;
  • 2024-жылдын 1-январынан тартып — жеке жактар.

Эске салсак, буга чейин бийлик ушул жылдын 1-апрелинен тарта камсыздандыруусу жок бардык айдоочуларга айып пул салууну сунуштаган. Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров автоунааларды камсыздандырууну мамлекеттик ишканаларга берүү керектигин айткан.

Тэги: экономика Новости Кыргызстан ОСАГО штрафы Президент Садыр Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу