2019-жылдын жыйынтыгы менен «Элкарт» электрондук төлөм картасынын колддонуучулары 1 млн 534 миңди түзгөн. 2018-жылга салыштырмалуу 323 миң (25%) жогорулаган. Бул тууралуу «Акчабарга» Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында 2.9 млн даана карта бар.
2019-жылдын III кварталынын негизинде бардык банк карталары аркылуу 59.2 млрд сомго 11.9 млн иш жүргүзүлгөн. Бул 2018-жылдын III кварталы менен салыштырмалуу 24% көбөйгөн.