Колледждерге кабыл алуунун экинчи туру 7-августта башталат

30.07.2020, 12:30 Акчабар
Колледждерге кабыл алуунун экинчи туру 7-августта башталат

Кыргызстандын колледждерине абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи туру 2020-жылдын 7-августунан 25-августуна чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Быйылкы жылы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алуу онлайн жүргүзүлүүдө. Абитуриенттер министрлик тарабынан атайын иштелип чыккан системада катталышат.

Катталуу үчүн колледжди, адистикти тандап, өтүнмө берүү зарыл. Андан кийин керектүү талаачаларды толтуруп, сканерден өткөрүлгөн күбөлүктү же аттестатты жана сүрөттү тиркеп, «Каттоо» баскычын басуу керек.

Кабыл алуу аяктагандан кийин үч күндүн ичинде абитуриент тандалган колледжде окууну каалоосун тастыктоого тиийш.

Документтердин түп нускаларын студенттер ОКОЖдорго окуу жылдын башында бериши керек.

Быйылкы жылы кабыл алууну 145 колледж 129 адистик боюнча ишке ашырууда. Эмгек рыногунда суроо-талапка ээ 16 адистикке республиканын областтарындагы окождордун базасында түзүлгөн Алдыңкы тажрыйба борборлорунда окутат.

Тэги: Кыргызстан колледж абитуриент

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу