«Социалдык контракт» программасы келерки жылы 30 миң үй-бүлөнү камтыйт

18.06.2024, 11:33 Акчабар
«Социалдык контракт» программасы келерки жылы 30 миң үй-бүлөнү камтыйт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жамаатына жаңы дайындалган министр Жылдыз Полотованы тааныштырды.

Минкаб төрагасы министрликтин алдында калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, жаңы ички миграциялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, башка өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттарын эсепке алуунун электрондук системасын киргизүү, эмгек тартибин жөнгө салуу боюнча олуттуу милдеттер турганын белгиледи.

Акылбек Жапаров быйылкы жылы 20 миң үй-бүлөнү камтыган “Социалдык контракт” программасын сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолду. Анын айтымында, келерки жылы бул программа 30 миң үй-бүлөнү камтуу пландалууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы жаңы дайындалган министрге жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.

Тэги: кабмин КР новости Кыргызстана Минтруда КР Акылбек Жапаров кадровые назначения

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу