Коммерциялык банктар чекене соода тармагына көбүрөөк насыя беришкен

26.07.2021, 10:20 Акчабар
Коммерциялык банктар чекене соода тармагына көбүрөөк насыя беришкен

Улуттук банктан билдиришкендей, Кыргызстандагы коммерциялык банктардын насыя портфели июнь айынын аягында 173 миллиард 456 миллион 733 миң сомду түздү. 

Алардын ичинен ири сумма соода жана коммерциялык бүтүмдөр үчүн берилсе (46 миллиард 438 миллион 310 миң сом), насыя портфелиндеги экинчи орунда дыйкандар турат. Аларга 34 миллиард 295 миллион 705 миң сом берилген. Ошондой эле:

  • керектөө насыялары - 18 миллиард 966 миллион сом;
  • ипотека - 17 миллиард 726 миллион сом;
  • өнөр жай - 13 миллиард 800 миллион сом;
  • курулуш - 13 миллиард 644 миллион сом;
  • башкалар - 15 миллиард 855 миллион сом;
  • социалдык кызматтар - 6 миллиард 628 миллион сом;
  • сатып алуу жана кайра иштетүү - 2 миллиард 68 миллион сом;
  • байланыш - 222 миллион сом жумшалган.

Тэги: комбанки кредиты торговая сфера

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу