Өткөн аптада, 24-28-январь аралыгында коммерциялык банктар банктар аралык валюта аукциондорунда 107 млн 150 миң доллар сатып алышкан. Мындай маалыматты Кыргызстандын Улуттук банкынан билдиришти.
Бир жума мурун банктар аралык соодада 26,1 млн доллар сатып алынган менен салыштырганда, коммерциялык банктар чет элдик валютаны төрт эсе көп сатып алышкан.
АКШ долларын орточо сатып алуу курсу 84,8 сомду түздү.