Кечээ, 13-июлда банктар аралык валюта соодасында коммерциялык банктар 95 миң доллар сатып алышты. Маалыматтар күнүмдүк соода статистикасында чагылдырылган.
Алардын бардыгын банктар операция жасалган күнкү эсептешүүлөр менен сатып алышкан.
Соодалар АКШ долларынын мурунку наркы менен ачылып, 87,87 деңгээлинде жабылды.