Коммерциялык банктар еврооблигациялар рыногуна чыга алат

23.08.2022, 11:41 Акчабар
Коммерциялык банктар еврооблигациялар рыногуна чыга алат

Кыргызстандын коммерциялык банктары баалуу кагаздарын эл аралык биржаларга жайгаштыра алышат. Бул тууралуу банк өкүлдөрү менен жолугушууда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы банкирлерди өлкө жарандарынын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн тышкы жана ички рыноктордон инвестиция тартуу максатында мамлекет менен биргеликте иш алып барууга чакырып, ошондой эле банк секторуна алдыңкы жогорку технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Акылбек Жапаров белгилегендей, министрлер кабинети салыктык кирешелерди тескөөнү жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат, мында санариптик технологияларды киргизүү Салык кызматын реформалоонун негизги инструменттеринин бири болуп саналат. Ал эми салыктык башкарууну жана банктык кызматтарды санариптештирүү банктарды бул багытта жигердүү позицияны карманууга жана фискалдык структураларды реформалоого көмөктөшүүгө чакырып, тыгыз кызматташууну талап кылат”, - деп айтылат өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматында.

Тэги: кабмин КР коммерческие банки Кыргызстан еврооблигации

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу