2020-жылы коммерциялык банктар Кыргызстан боюнча 13 филиалын жапкан

01.04.2021, 13:00 Акчабар
2020-жылы коммерциялык банктар Кыргызстан боюнча 13 филиалын жапкан

2020-жылдагы статистикага ылайык, Кыргызстанда 23 коммерциялык банктын 312 башкы кеңсеси жана филиалдары бар. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

 

2020-жылдын башында Кыргызстанда коммерциялык банктардын 322 кеңсеси иштеген, кийинчерээк апрель айында дагы кошумча үч кеңсе ачылган. Жылдын аягында жалпысынан 312 башкы кеңсе жана коммерциялык банктардын филиалдары катталган. 

Муну менен катар өткөн жылда өлкө боюнча 13 филиал жабылган. «‎Бакай Банк» төрт кеңсесин жана «‎Кыргызстан» коммерциялык банкы дароо тогуз кеңсесин жапкан. 

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө «‎РСК Банк» жана «‎Айыл Банктаын» ири филилалдар тармагы бар. 

Тэги: коммерциялык банк филиал кеңсе Улуттук банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу