Коммерциялык банктар COVID-19 менен күрөшүүгө дээрлик 100 млн сом которушкан

01.09.2020, 10:45 Акчабар
Коммерциялык банктар COVID-19 менен күрөшүүгө дээрлик 100 млн сом которушкан

Пандемиянын алгачкы күндөрүнөн тарта каржы институттар мамлекетке жалпысынан 101 млн сом өлчөмүндө жардам көрсөтүшкөн. Бул тууралуу Кыргызстандагы банктардын Союзунун басма сөз кызматы кабарлады. 

 

Белгиленгендей, жардамдын ичине Финансы министрлиги жана Социалдык өнүктүрүү министрлигинде ачылган атайын эсепке которулган каражаттар дагы кирет. Андан сырткары, финансы уюмдар Кыргызстандагы жакыр үй-бүлөлөргө дагы каржы жагынан жардам көрсөтүшкөн. 

 

«Банк сектору кыргызстандыктарга алгачкы карантин башталган күндөн тарта өз жардамын көрсөтө баштады. Насыя каникулдары берилип, атүгүл аны төлөө үчүн бир катар ыңгайлуу шарттар түзүлүп берилди. Тилекке каршы, пандемия маалы биздин бул жугуштуу ооруга даяр эмес экенибизди көрсөттү. Муну менен катар каржы секторлору республиканын медиктерине жана жарандарга бардык жактан жардам берүүнү демилгелеп жатты», — деп белгиледи Кыргызстандын банктар Союзунун президенти Анвар Абдраев.

Тэги: банк сектору насыя жардам каржы институттар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу