Коммерциялык эмес уюмдар салык отчетун берүүгө милдеттендирилет

08.04.2024, 15:31 Акчабар
Коммерциялык эмес уюмдар салык отчетун берүүгө милдеттендирилет

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Кээ бир коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулук маселелери боюнча КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзам долбоорун, Министрлер кабинети демилгелеген.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов белгилегендей, мыйзам долбоору Конституциялык соттун 2023-жылдын 7-июнундагы чечимин аткаруу максатында иштелип чыккан.

Нурлан Умтуловдун айтымында, Конституциялык сотко 2022-жылдын 17-июнунда “Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылы коомдук бирикмесинин өтүнүчү түшүп, кайрылуунун субъекти салык органына отчет берүү жана коммерциялык сырды жокко чыгаруу сыяктуу чектөөлөр басмырлоочу болуп саналарын белгилеген. Натыйжада Конституциялык сот “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын бир катар беренесинин айрым бөлүктөрүн каршы келбейт деп тапкан.

Мыйзам долбооруна ылайык, кайтарымсыз негизде берилген акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен ишин жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдар (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди кошпогондо) акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө жыйынды маалыматтарды, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ажыратылуучу мүлктөр жөнүндө маалыматтарды салык органынын сайтына жыл сайын 1-апрелге чейин жайгаштырат.

Тэги: Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш отчеттуулук

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу