Кыргызстан менен Өзбекстан 1 млрд $ ашык келишимдерге кол коюшту

27.01.2023, 10:54 Акчабар
Кыргызстан менен Өзбекстан 1 млрд $ ашык келишимдерге кол коюшту

Кыргыз-өзбек бизнес форумуна эки өлкөнүн бизнес жана расмий чөйрөлөрүнүн 300дөн ашык өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов билдирди.

Иш-чаранын алкагында 1 миллиард 670 миллион долларлык 84 эки тараптуу документтин тизмесине кол коюлган. Анын ичинде:

  • 300,3 миллион долларга 29 инвестициялык келишим;
  • 1 миллиард 155,6 миллион долларга 52 экспорттук контракт;
  • 223 млн долларга 3 импорттук контракт бар.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн Айыл чарба министрликтери жети инвестициялык долбоорду (55,5 миллион доллар) жана үч соода келишимин (373 миллион доллар) камтыган агроөнөр жай комплексинде кызматташуу боюнча Жол картасын бекитти.

Тэги: бизнес-форум Узбекистан экономика соглашения двухсторонние соглашения новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу