Кыргызстан менен Өзбекстан 120 млн $ ашык келишимге кол коюшту

26.01.2023, 13:20 Акчабар
Кыргызстан менен Өзбекстан 120 млн $ ашык келишимге кол коюшту

“Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес форумунун жыйынтыгында эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлду. Улуттук инвестициялык агенттиктин жетекчисинин орун басары Нурадил Баясов белгилегендей, кызматташуу мамлекеттердин экономикасын модернизациялоого чоң үмүт берет.

Тактап айтканда, эки өлкөнүн айыл чарба министрликтеринин ортосунда агроөнөр жай комплекси жаатындагы жол картасына кол коюлду. Ошондой эле, Жалал-Абад облусунда текстиль өндүрүшү, тери өндүрүү жана кайра иштетүү жана агрокластер уюштуруу, картошка өндүрүү боюнча кластер жана мал чарба комплексин түзүү, ошондой эле приборлорду чогултуу жана Кыргыз Республикасында электр энергиясын эсепке алуу, базальт ташын кайра иштетүү боюнча жана Өзбекстанга айыл чарба продуктыларын жеткирүү боюнча документтерге кол коюлду. 

Мындан тышкары, 20 миллион долларлык кальций карбидин өндүрүү боюнча комплексти курууга келишимдер түзүлдү. Ошондой эле Өзбекстанга дан жана жүгөрү жеткирүү боюнча 100 миллион долларлык келишим түзүлдү.

Форумдун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ишканаларынын продукцияларынын көргөзмөсү да өтүп жатканын кошумчалайбыз. Катышуучулардын, атап айтканда эки өлкөнүн ишкерлеринин көптүгүн, ошондой эле тараптардын кызматташууга болгон кызыгуусун эске алуу менен кол коюлган байланыштардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн деген тыянак чыгарууга болот.

Тэги: новости Кыргызстана экономика новости экономики экономический форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу