Expo-2020 көргөзмөсү 3-мартта Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан Бириккен Араб Эмираттарындагы элчилиги жана Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте уюштурулду.
КРнын Соода-өнөр жай палатасынын чакыруусу менен жолугушууга БАЭнин Соода-өнөр жай палаталарынын башкы катчысы Хумейд Бен Салем баш болуп, 7 эмираттын Соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө тамак-аш жана жеңил өнөр-жайы, айыл-чарба, фармацевтика, туризм сыяктуу тармактардан Кыргызстандын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү БАЭнин эң ири соода-чекене тармактарынын бири болгон LuLu Group International компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуу формалдуу эмес чөйрөдө өтүп, ар бир компания өзүнүн продукциясын тартуулап, үлгүлөрүн таратып, соода тармактын өкүлдөрү менен жекеме-жеке сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болду.
Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Хумейд Бен Салем кыргызстандык компанияларга алардын продукциясын жергиликтүү рынокто жылдырууга көмөктөшүүгө даярдыгын билдирди. Мындан тышкары, БАЭ менен Кыргызстандын Соода-өнөр жай палаталарынын башчылары эки тараптуу кызматташууну өркүндөтүү үчүн сунуштаган демилгелерин колдой турганын белгиледи.
“Жолугушуунун башкы максаты – ата мекендик компаниялардын LuLu Group International ири соода тармак менен кызматташуусун жөнгө салууга алгачкы кадамдарды таштоо, чекене тармактын талаптарын иликтөө жана БАЭнин Палаталарынын жетекчилеринен практикалык кеп-кеңештерди алуу болду”,- деп билдиришти КРнын Соода-өнөр жай палатасынан.
Жолугушуу “Ак-Сай Трэвел” компаниясынан Кыргызстандын туристтик потенциалын тартуулоо менен көшөгөсүн жапты.