Кыргыз компаниялары БАЭге эт жана бал экспорттоо боюнча 11 млн $ келишим түзүштү

24.06.2022, 15:36 Акчабар
Кыргыз компаниялары БАЭге эт жана бал экспорттоо боюнча 11 млн $ келишим түзүштү

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын компаниялары эт жана бал жеткирүү боюнча 11 миллион долларлык келишимге кол коюшту, деп билдирди Улуттук инвестиция агенттигинин директору Равшанбек Сабиров маалымат жыйынында.

Ал белгилегендей, келишимдерге кол коюу "Кыргызстан – Бириккен Араб Эмираттары" бизнес-форумунун алкагында өттү.

"БАЭнин Экономика министри Абдуллы бин Таук Аль-Марри менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ал Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы товар жүгүртүүнү арттыруу каалоосун билдирди", - деди Сабиров.

Ал БАЭ туризм, айыл чарба, технология, ошондой эле жергиликтүү продукцияны экспорттоо сыяктуу тармактарга инвестициянын агымын көбөйтүүнү көздөп жатканын кошумчалады.

Тэги: Равшан Сабиров ОАЭ объем экспорта

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу