Жалпы республика боюнча 1-октябрга карата эмгек акы боюнча жалпы карыздын суммасы 299,7 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу карыз 0,6%га төмөндөп, 1-сентябрга карата 17,5%га азайган.
“Жалпы карыздын олуттуу үлүшү Чүй (15,9%), Нарын (12,9%), Жалал-Абад (10,5%) жана Баткен (10,3%) облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын (41%) ишканаларынын жана уюмдардын кызматкерлерине туура келет)”,- деп айтылат маалыматта.
млрд сомов
Так изменится госдолг Кыргызстана, если доллар вырастет на 5 сомов.