Нефтетрейдер-компаниялары мамлекеттен дагы насыя алышат

20.07.2022, 10:46 Акчабар
Нефтетрейдер-компаниялары мамлекеттен дагы насыя алышат

Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздаган эки компания капиталын көбөйтүү үчүн мамлекеттик бюджеттен дагы насыя алат. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, бул чечим 40 күнгө эсептелген республиканы керектүү күйүүчү май менен камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

“Валюта курсунун туруксуздугуна байланыштуу жеткирүүчү компаниялар сатып алууда көйгөйлөргө туш болушкан. Күйүүчү-майлоочу майлар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн алардын капиталын көбөйтүү үчүн бюджеттен ссуда берилген. Учурда рублдин бекемделишине байланыштуу бул көйгөй кайрадан нефтетрейдерлер үчүн актуалдуу болуп калды. Ошондуктан дагы насыя бөлүү чечими кабыл алынды”, - деди экономика министри.

Ал каржылоонун көлөмү 1 млрд сомду түзөрүн тактады.

Тэги: нефтетрейдеры ГСМ нефть министр экономики

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу