Кыргыз Республикасынын Катар мамлекетиндеги Элчилигинин колдоосу менен кыргыз балын өндүрүүнү жана экспорттоону ишке ашырып келген GIMNILI, «Маңыз», Balary, Kyrgyz HoneyжанаNocturneишканалары«Сук Вакиф 2020»аталышындагы бал көргөзмө-жарманкесинде катышууда. Аталган иш - чара 30 - январдан 8 - февралга чейин Доха шаарында өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Көргөзмөнүн уюштуруучулары- Катар мамлекетинин соода жана өндүрүш минстрлиги менен Муниципалитеттер жана айлана-чөйрө министрлиги. Иш-чарада 37 мамлекеттен барган 150дөн ашуун ишкана катышууда.
Кыргызстандан барган катышуучулар жарманкенин меймандары арасында чоң популярдуулукка ээ болгон балдын сортторун көрсөтүштү.