«Тулпар» ишканасынын жетекчиси алмашты

28.10.2022, 12:28 Акчабар
«Тулпар» ишканасынын жетекчиси алмашты

“Тулпар” ачык акционердик коомунун башкаруу органында өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Директорлор кеңешинин 19-августтагы чечими менен жетекчи Жыргалбек Зарнаевдин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын ордуна Гүлнара Адылова дайындалды.

Гүлнара Адылова “Тулпар” ААКнын 53,29% акциясына ээ экени белгиленди.

Кошумчалай кетсек, Зарнаев акцияларды 2021-жылдын 16-апрелинде Адыловага өткөрүп бергенден кийин ал акциялардын контролдук пакетинин ээси болгон. Жалпысынан компаниянын номиналдык баасы 18 миң 137 сомду түзгөн 25 миң 545 даана баалуу кагаздары өткөрүлүп берилген.

Эскерте кетсек, “Тулпар” ААКсы жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенет. Ишкана Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында катталган.

Тэги: ОАО Тулпар новости Кыргызстана бизнес экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу