Virgin Galactic компаниясы космоско акысыз учуу үчүн сынак баштады

12.07.2021, 11:00 Акчабар
Virgin Galactic компаниясы космоско акысыз учуу үчүн сынак баштады

Virgin Galactic компаниясы ишкер Ричард Брэнсон менен кызматташып, эки адамды космоско акысыз учуруп, космодромду кыдыртуу үчүн  сынак баштады. Бул тууралуу Omaze сайтында айтылат.

Сынакка каалаган адам катыша алат. Мындан тышкары, сиз кайрымдуулук кыла аласыз, андан түшкөн каражат Space for Humanity компаниясына кайрымдуулук иретинде жиберилет.

Сынакка катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу 1-сентябрга чейин созулуп, жеңүүчү сентябрдын аягында белгилүү болот.

Кошумчалай кетсек, Ричард Брэнсон буга чейин суборбиталдык каттам жасаганын, жүргүнчүлөр салмаксыздык абалын баштан кечирип, Жерди 86 чакырым бийиктиктен көргөн.

Тэги: экономика космос полеты в космос наука

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу