Кыргызстандыктарга Беларусь товардык биржасына кантип кирүү керектиги айтылды

03.06.2022, 09:21 Акчабар
Кыргызстандыктарга Беларусь товардык биржасына кантип кирүү керектиги айтылды

Кыргызстандын фондулук биржасы Беларустун универсалдуу товардык биржасы менен биргеликте кыргызстандык ишкерлер үчүн онлайн жолугушуу өткөрүп, анда алар Беларустун товардык биржасына өз продукциялары менен кантип кирсе болорун айтып беришти.

Жыйынга 20дан ашык ата мекендик компаниялар катышты.

Беларустун универсалдуу товардык биржасынын өкүлдөрүнүн айтымында, соода баштоо абдан оңой. Ал үчүн тиркемени жүктөп алып, катталып, товарls сатыкка коюу керек. Биржа өз комиссиясын бүтүм түзүлгөндө гана алат.

“Беларусь универсалдуу товардык биржасы — Белоруссиядагы жалгыз товардык биржа жана Чыгыш Европадагы эң ири спот биржасы. Биздин орточо жылдык соода жүгүртүүбүз 4 миллиард долларды түзөт, бизде 28 миң кардар-компаниялар бар, жылына транзакциялардын саны 400 миңге жетет, географиялык жактан биз дүйнөнүн 70 өлкөсүн камтыйбыз”, - деп билдирди Беларус универсалдуу товардык биржасынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Алексей Мацевило.

Ал кошумчалагандай, биржа кардарларга чийки затты арзан сатып алуу жана даяр продукцияны кымбат сатуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле транзакцияларды толук колдоону, биржада жана биржадан тышкаркы товардык рыноктордо оперативдүү аналитиканы, акысыз окутууну, программалык камсыздоону жана электрондук кол коюуну камсыз кылат. Кепилденген төлөм жана жеткирүү менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча бүтүмдөрдү түзүүгө болот.

Биржа соода аянттарында соода бүткүл дүйнөдө кеңири жайылганын кошумчалайбыз. Уюшкан сайттарда ортомчуларсыз, товарларды адилеттүү баада сатууга же сатып алууга болот. Ошол эле учурда, капиталдын көлөмүнө карабастан, каалаган компания биржалардын кардары боло алат.

Тэги: Белорусская товарная биржа Кыргызстан бизнес КФБ биржевая торговля

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу