Бекешев: Дарыгерлерге төлөнө турган компенсация эки эсе кыскарды

06.05.2020, 13:45 Акчабар
Бекешев: Дарыгерлерге төлөнө турган компенсация эки эсе кыскарды

Коронавирус илдетин жуктуруп алган медиктерге төлөнө турган компенсациянын көлөмү 100 миң сомго кыскарып, ал эми вирустан айынан каза тапкан ак халатчандарга 500 миң сом төлөнмөй болгону белгилүү болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты. Бул боюнча «Акчабар» каржы порталы эл өкүлү менен байланышканда депутат төмөнкүлөрдү билдирди:
 

«Мага өкмөттөн вирус жуктуруп алган медиктерге 100 миң сомдон, ал эми вирустан улам каза болгондорго 500 миң сом төлөнө туруучу токтом кабыл алынгандыгы тууралуу маалымат келди. Ошондо өкмөттүн 10-апрелде айткан билдирүүсү азыркы менен дал келбей, элди алдап жаткан болуп калат», - деди Бекешов.
 

Буга чейин республикалык штаб COVID-19 илдетин жуктуруп алган медицина кызматкерлерине 200 миң сомдон, ал эми оорудан каза болгондорго 1 млн сом компенсация төлөнө тургандыгын билдирген. Мындай маалымат өкмөттүн расмий сайтына да чыккан.

Компенсациялардын эки эсе кыскартылганы боюнча азырынча өкмөт өкүлдөрү эч кандай билдирүү тарката элек.

Тэги: компенсация эки эсе медиктер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу