Энелердин кимисине жөлөкпулдун өлчөмү канчага көбөйөт?

21.12.2022, 10:00 Акчабар
Энелердин кимисине жөлөкпулдун өлчөмү канчага көбөйөт?

Эмгек министрлиги “Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулдарды, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана ритуалдык жөлөкпулдарды берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” ченемдик укуктук акт долбоорун коомдук талкууга койду.

Документке ылайык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн 2023-жылдын 1-январынан тарта 10дон 20 эсептик көрсөткүчкө (1000 сомдон 2000 сомго чейин) жогорулатуу сунушталууда.

“Белгилей кетүүчү нерсе, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү 2006-жылы 11-жумуш күнүнөн баштап белгиленип, 16 жылдан бери көбөйгөн эмес”, - деп жазат мыйзам долбоорунун авторлору.

Долбоордо ошондой эле убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн айына 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин жогорулатуу сунушталууда.

Мыйзам долбоорунун авторлору бюджетке кошумча муктаждык 120,97 миллион сом экенин белгилешти.

Тэги: экономика новости Кыргызстана пособия материнство материнское пособие

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу