Мугалимдер таймашы - 2023. Төраганын фондунан 500 миң сом бөлүнөт

10.11.2022, 15:43 Акчабар
Мугалимдер таймашы - 2023. Төраганын фондунан 500 миң сом бөлүнөт

Келерки, 2023-жылы мугалимдердин облустук сынагын өткөрүү үчүн төраганын резервдик фондунан 500 миң сом бөлүнөт. Бул тууралуу парламент төрагасы Нурланбек Шакиев Алай, Кара-Кулжа жана Чоң-Алай райондорунда мугалимдер арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде билдирди.

Парламент депутаты Улан Примов уюштурган “Агартуучу” сынагы төрт багытта өттү. Ага 300гө жакын мугалим катышты. Конкурста “Мыкты мугалим», “Жаш мугалим”, “Мыкты тасма” жана “Мыкты коллектив” номинациялары боюнча жеңген сынактын катышуучулары баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. 1-орунга батир, 2-орунга автоунаа, калган жеңүүчүлөргө чет өлкөгө жолдомо жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

“Акыркы жылдары мамлекет билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Өзгөчө билим берүү кызматкерлерин колдоого алууда. Бирок, бул чек эмес. Мугалимдерди татыктуу эмгек акы, зарыл шарттар менен камсыз кылуу иш-аракеттери улантылышы керек. Анткени алар өлкөнүн жарандарын тарбиялашат. Баарыбызга мугалимдер сабак берди. Сиздин алдыңызда турган президентти да, Жогорку Кеңештин төрагасын да мугалимдер тарбиялаган, биз бардыгыбыз мугалимдерге милдеттүүбүз”, - деди Нурланбек Шакиев.

 

Тэги: Жогорку Кенеш Нурланбек Шакиев Нурланбек Шакиев преподаватель

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу