Жылдын акырына карата консолидацияланган бюджеттин көлөмү 571,3 миллиард сом болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Ал белгилегендей, 2022-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстары 443,1 миллиард сомду түздү. Өсүш 129,1 млрд сом болду.
"2023-жылы бюджетти түзүүдө биз мамлекеттик башкаруу бюджетинин ресурстарын - консолидацияланган бюджетти - 503,4 млрд сом өлчөмүндө пайдаландык, азыркы көрсөткүч 571,3 млрд сом деп күтүлүүдө", - деди министр.