Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортто жол кире акысын көтөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди.
Маалыматка ылайык, мэрия коомдук транспорттордо жол кире акысын канча сомго көтөрүүнү пландап жатканын азырынча так айта элек.
“Тарифти көтөрүү маселесин шаардыктарыбыздын талкуусуна койдук. Тургундардын пикири абдан маанилүү. Андан соң бул маселе Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында каралат”, - деди ал.
Анын айтымында бул кадам жаңы автобустардын чыгымдарын жабуу, аларга кам көрүү үчүн керек.
Эске сала кетсек, буга чейин жол кире 20-22 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн экени айтылган.