Коомдук унааларда жүрүү үчүн электрондук билеттер кийинки жумадан баштап сатыла баштайт

17.12.2019, 12:45 Акчабар
Коомдук унааларда жүрүү үчүн электрондук билеттер кийинки жумадан баштап сатыла баштайт

Коомдук унааларда жүрүү үчүн электрондук билеттер кийинки жумадан баштап сатыла баштайт. Бул тууралуу 24.kg агенттиги,  Бишкек шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалар мекемесинин директору Нурлан Койчубаков билдирүүсүнө таянып, жазып чыкты.

 «Бул жумада карталар жеңилдик берилчү жарандарга жана мектеп окуучуларына бериле баштайт. Мындан сырткары электрондук билеттерди ишке ашыруучу мэриянын өнөктөшү (Швейцария) системаны текшерүү үчүн, пилоттук режимде 2 миң стандарттуу картаны берүүнү пландап жатат.Алар сервер, программалык камсыздандыруунун кандай иштей тургандыгын текшеришет», –  деп билдирген Койчубаков. 

Эске салсак, буга чейин мэрия 2020-жылдын январынан тарта коомдук муниципалдык унааларга электрондук билет киргизүүнү кабарлаган.

Тэги: коомдук унаа электрондук билет сатылат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу