Коомдук жайларда тамеки чеккендерге 3 миң сом айып салынат

04.03.2024, 17:37 Акчабар
Коомдук жайларда тамеки чеккендерге 3 миң сом айып салынат

Кыргызстанда белгиленбеген жерлерде тамеки чегүүгө, тамеки заттарын сатууга жана жүгүртүү тартибин бузууга болгон жоопкерчилик күчөтүлдү. Бул тууралуу "Токтом" маалыматтык-укуктук порталына жарыяланды. 

Ага ылайык, эми тамеки чегүү үчүн атайын бөлүнгөн жайларды кошпогондо, коомдук жайларда тамеки жана никотинди чегүүгө, анын ичинде суу түтүктөрүн (кальянды), ошондой эле электрондук тамекини пайдаланууга толук тыюу салынат. 

Ошондой эле, уюмдардын, ишканалардын жана коомдук жайлардын жетекчилери жана ээлери тамеки чегүү үчүн атайын орун жайларды бөлүп берүүсү жана аларды санитардык-гигиеналык, өрткө каршы ченемдерге ылайык жабдуусу зарыл. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү аймакта жайгашкан коомдук жайларда тамеки чегүү үчүн атайын жайларды аныктоосу жана камсыз кылуусу зарыл.

"Мыйзам менен белгиленбеген жерлерде тамеки тартуу, калкты тамеки заттарынын зыяндуу таасиринен коргоо эрежелерин бузуу, тамеки заттарын сатуу жана жүгүртүү тартибин бузууга болгон жоопкерчилик күчөтүлүп, айып пул 30 эсептик көрсөткүчкө көтөрүлдү", - деп айтылат маалыматта. 

Тэги: тамеки чегүү Айып пул коомдук жай

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу