«Коопсуз шаар»: айып пулду төлөө мөөнөтү узартылды. Себеби?

12.03.2020, 17:00 Акчабар
«Коопсуз шаар»: айып пулду төлөө мөөнөтү узартылды. Себеби?

Учурда «Коопсуз шаар» долбоорунун автоматташтырылган маалыматтык системасында мүчүлүштүк чыгып, техникалык иштер жүргүзүлүп жаткандыктан айыппулду төлөө мөөнөтү узартылат. Бул тууралуу  Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришти.

«6нан 7-мартка караган түнү «Коопсуз шаарынын»автоматташтырылган маалыматтык системасынын ишиндеги техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу адистер аны жоюу, айрым серверлердин ишин жакшыртуу боюнча иштер башталган», - деп билдиришти аталган комитеттен.

Комитеттен белгилешкендей, техникалык мүчүлүштүктү жоюу иштерине байланыштуу азыркы учурда жарандар айыппулу бар же жок экендигин текшере албайт жатат. Мындан улам азыр айыппулду төлөй албаган жарандар үчүн аны төлөө мөөнөтү узартылат.

Ошол эле учурда «Коопсуз шаардын» камералары жол эреже бузууларды каттап, толук кандуу иштеп жатат.

«Учурда техникалык иштеп аяктап жатат жана кыска убакыт ичинде айыппулдарды текшерүү кызматы иштеп баштайт», - деп билдиришти комитеттен.

Тэги: коопсуз шаар система Айып пул

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу